# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203354)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-июлу № 114 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4393/edition/384795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203354/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 14-берене (19.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-14

---

Ушул Мыйзамды колдонуу прокурордун санкциясынын, ошондой эле соттун токтомунун негизинде ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат. Соттолгондун өздүк иши, сыйлыктары жана жаза-чара берилгендиги жөнүндө маалымкаттар, мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгон жана башка документтер токтомго тиркелет. Ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун катышуусу милдеттүү. Жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтому прокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын колдонуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып токтотулат. Доо карызы бар адамдарга карата кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана жазадан бошотуу жаатында мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим, алар тарабынан материалдык зыяндарынын суммасы 100 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдардан тышкары материалдык зыяндын суммасы толугу менен калыбына келтирилгенден кийин кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-15)
