# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203354)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-июлу № 114 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4393/edition/384795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203354/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 13-берене (19.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-13

---

Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт:

1) тергөө жана прокуратура органдарына - адамдарга карата кылмыш жөнүндө иштер өндүрүшүндө болгон ошол органдарга;

2) сотторго:

- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин адамдарга карата кылмыш иштери сот өндүрүшүндө болгон жана карала элек, ошондой эле кылмыш иштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек адамдарга карата;

- айыпка, үч эселенген айыпка, мүлкүн конфискациялоого соттолгон адамдарга карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясы менен белгиленген тартипте өкүмдү аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга карата;

3) жазаларды аткаруу мекемелеринин начальниктерине - жазаны андан ары өтөөдөн толук бошотулууга тийиш болгон жана жазанын мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө жазаларды аткаруу мекемелеринде жүргөн соттолгондорго карата;

4) жазык-аткаруу инспекциясына - коомдук жумуштарга, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратууга, түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө соттолгон адамдарга карата, ошондой эле шарттуу соттолгон адамдарга карата жана жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган жана жазык-аткаруу инспекциясынын көзөмөлүндө турган адамдарга карата;

5) аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгына - шарттуу соттолгон, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган аскер кызматчыларына карата, ошондой эле тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо жазасына соттолгон аскер кызматчыларына карата.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-14)
