# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203354)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-июлу № 114 "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4393/edition/384795/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203354/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө, 1-берене (19.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-1

---

Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазадан төмөнкүлөр бошотулсун:

1) жашы жетпегендер;

2) курагы 55 жаштан өткөн аялдар;

3) курагы 60 жаштан өткөн эркектер;

4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же I жана II топтогу майып балдары же багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу болуп эсептелген адамдар;

5) кош бойлуу аялдар, бир жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар;

6) I жана II топтогу майыптар;

7) чоң коркунуч келтирбеген кылмыштарды жана анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203354/st-2)
