# КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 " "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 " "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4392/edition/454552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 19-июлундагы № 113 " "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203353

---

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 19-июлу № 113 "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203353/st-1)

"Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 7, 90-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Преамбуладагы "жана чарба жүргүзүшүнүн" деген сөздөр алып салынсын.

2. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья.

Пенсияларды жана пособиелерди төлөө мөөнөттөрү төлөп берүүнү жүзөгө ашырган ишканалар менен социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун (мындан ары - фонддор) ортосундагы келишимдерде белгиленет (айына кеминде бир жолу).".

3. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10-статья.

Социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда пенсияларды төлөөгө каражаттардын жетишсиздиги республикалык бюджеттин каражаттарынан толтурулат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203353/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
