25-берене. Мыйзам чыгаруу демилге укугун ишке ашыруунун
Күчүндө · 18.07.2011 редакциясы
кепилдиктери
Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзам чыгарууга демилге укугу мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде ченемдик укуктук актылардын долбоорун же болбосо ченемдик укуктук актыларга киргизген түзөтүүлөрдү профилдик комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарында милдеттүү түрдө кароо, Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган чечимдерди кабыл алуу менен кепилденилет.".
15. 28-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28-берене. Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин макулдугун алуунун тартиби
1. Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш-жаза иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.
2. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор же ишти карап жаткан сот Жогорку Кеңешке тийиштүү сунуштама киргизет.
3. Башкы прокурордун, соттун Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү сунуштамасын кароо үчүн Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган тартипте комиссия түзүлөт.
Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарылчылыкка жараша Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн. Комиссия Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароодо маселеси чечилүүгө тийиш болгон депутатты, прокуратуранын, соттун өкүлдөрүн же арыз ээсин (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү. Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле чечимдин долбоору түзүлүп, жарыя кылынгандан кийин Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселе Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет. Аталган маселени кароодо, ошондой эле берилген чечим долбоорунда депутаттар сунуштамадагы фактыларды чечмелөө, баа берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө комиссиядан баяндамачы, фракциялардын өкүлдөрү жана маселеси чечилүүгө тийиш болгон Жогорку Кеңештин депутаты катышат.
4. Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын канааттандыруу жөнүндө чечим, эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көпчүлүгү добуш берген болсо, кабыл алынды деп эсептелет. Чечим Жогорку Кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.
Жогорку Кеңештин жүйөөлөштүрүлүп кабыл алынган токтому жөнүндө үч күндүк мөөнөттө Башкы прокуратурага жана сотко билдирилет. Жогорку Кеңеш негиздер пайда болгон учурда өз чечимин кайра кароосу мүмкүн.
5. Башкы прокурор же сот каралып жаткан иш аяктаган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө тергөөнүн же ишти кароонун жыйынтыктары жөнүндө Жогорку Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.
6. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартуусу ошол депутатка карата кылмыш-жаза ишин жүргүзүүнү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.
7. Депутатка кол салган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартышат.".
16. 35-беренеде:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Парламент ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда Жогорку Кеңештин депутаттарына эмгек акынын орточо эки айлыгынын өлчөмүнөн төмөн эмес эс алуу жөлөкпулу төлөнөт.". 4-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
17. 36-беренеде:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул жана кошумчаларды төлөө менен 30 календардык күн өлчөмүндөгү акы төлөнүүчү ар жылдык эмгек өргүүсү берилет."; берене төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик кызматтагы жумуш стажы беш, он жана он беш жылдан ашык болсо, акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү тийиштүүлүгүнө жараша эки, төрт жана алты калдендардык күнгө көбөйөт. Окумуштуулук даражасы жана илимий наамы болсо, эмгек өргүүсү "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.".
Берененин тексти 18.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуЗакон · 15.04.1994 · № 1485-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203350/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>