# КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203349>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4388/edition/454546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203349.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 109 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203349

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 15-июлу № 109

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203349/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 28-июну, № 50) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берене "Аппаратынын" деген сөздөн кийин "жана Иш башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2. 3-беренеде:

биринчи абзацтагы "Мыйзам чыгаруу бийлик органдарынын кызмат адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мамлекеттик кызмат адамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацтагы "жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын" деген сөздөр алып салынсын; мамлекеттик тилдеги текстин экинчи абзацындагы "бюджет жана финансы маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитети" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-беренеде:

"Мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку кызматтагы адамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын жана башка категориядагы кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнүн шарттары, ошондой эле алардын өлчөмдөрү бирдей деңгээлде белгиленет.".

4. 5-беренедеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 6-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203349/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
