КР «»Аскердик абал жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Конституциялык Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 15-июлу № 108 "Аскердик абал жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2009-ж.. № 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде:
10-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын: 11-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңеши" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 9-берененин 4-пунктундагы "Коргонуу кеңешин," деген сөздөр алынып салынсын.
3. 11-берененин 2-бөлүгүндөгү "ички жана тышкы иштер" деген сөздөр алынып салынсын.
4. 12-беренеде:
берененин аталышы "Согуш" деген сөздөн мурун "Коргонуу кеңештин жана" деген сөздөргө толукталсын, "Согуш" деген сөз "согуш" деп жазылсын: 1-бөлүктөгү "согуш мезгилинде" деген сөздөр алынып салынсын; 2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Аскердик абал жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 30.04.2009 · № 149