39-2-статья. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
Күчүн жоготкон · 22.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 22 мая 2023 года № 104.
Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүдө өндүрүлгөн жол иштерин ишке ашыруунун бардык баскычтарын көзөмөлдөө буюртмачы тарабынан жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен камсыз кылынат. Жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоодо ушул бөлүмдүн жол жумуштары үчүн жоболору 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо учурларын кошпогондо, ушул бөлүмүнүн жол жумуштары үчүн жоболору 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 22.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203345/st-39-2" title="39-2-статья - "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>