# 9-берене. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203342)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 107 "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О Совете обороны Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111321)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342#diff=808104..808105>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4381/edition/808103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203342/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 9-берене (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-9

---

1. Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык жактан камсыз кылууну тынчтык мезгилде анын Катчылыгы, ал эми согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жүзөгө ашырат.

2. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмүнө кирет.

3. Катчылыктын жобосу, түзүмү жана штаттык ырааттамасы Коопсуздук кеңешинин катчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.

4. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы зарыл болгондо мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын адистерин, эксперттерин тартат.

5. Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.

(КР 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-10)
