# 6-берене. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203342)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 107 "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О Совете обороны Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111321)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.04.2016 [Закон КР от 15 апреля 2016 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О мобилизационной подготовке и мобилизации в Кыргызской Республике", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики", "О Совете обороны Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111321); 23.01.2013 [Закон КР от 23 января 2013 года № 7 "О внесении дополнения и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203814)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342#diff=808104..808105>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4381/edition/808103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203342/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 6-берене (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-6

---

1. Коопсуздук кеңеши Коопсуздук кеңешинин Төрагасынан, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнөн жана Коопсуздук кеңешинин катчысынан турат.

2. Коопсуздук кеңешинин курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:

Кыргыз Республикасынын Президенти; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын лидерлери; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси; Коопсуздук кеңешинин катчысы; тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; финансы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик opгандын жетекчиси; мамлекеттик чек араны сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын зардалы; Улуттук илимдер академиясынын президенти.

3. Өзгөчө же аскердик абал шарттарында Коргоо кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка жетекчилери да кире алат.

(КР 2013-жылдын 23-январындагы № 7, 2016-жылдын 15-апрелиндеги № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-7)
