# 5-берене. Коопсуздук кеңешинин функциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203342)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 107 "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4381/edition/808103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203342/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 5-берене (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-5

---

Коопсуздук кеңешинин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: коргоо жана коопсуздук жаатында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын маселелерин аныктоо; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жана Аскердик доктринасын иштеп чыгуу жана тактоо; коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында стратегиялык пландаштырууну жүзөгө ашыруу; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч келип чыккан учурда ыкчам жооп кайтаруу чаралары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдоо; коопсуздукту жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу системасынын иштеши жөнүндө маалыматтарды талдоо, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана болтурбоо маселелерин кароо; коопсуздук жана коргонууну камсыз кылуу жаатында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу процессинде аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды кароо жана киргизүү, ошондой эле алардын ишине баа берүү; коргонуу максатында мамлекеттик жана мобилизациялык резервдердеги материалдык ресурстардын запасын түзүү үчүн контролду жүзөгө ашыруу: аймактык коргоо жана жарандык коргонуу маселелерин кароо; коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатында мамлекеттик программаларды даярдоо боюнча ишти уюштуруу жана аларды ишке ашырууну контролдоону жүзөгө ашыруу; коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын директиваларынын, буйруктарынын жана чечимдеринин долбоорлорун даярдоо; Коопсуздук кеңешинин карамагындагы маселелер боюнча илимий изилдөөлөрдү уюштуруу.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-6)
