# 4-берене. Коопсуздук кеңешинин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203342)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 107 "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4381/edition/808103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203342/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 4-берене (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-4

---

Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасын коргоону уюштуруу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча стратегиялык маселелерди кароо; мамлекеттин аскердик саясатынын негизги багыттарын аныктоо; учурдун коопсуздугунун талаптарын жана коркунучтарын божомолдоо, талдоо жана ага баа берүү, аларды болтурбоого багытталган чараларды иштеп чыгуу; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунучтар келип чыкканда ыкчам жооп кайтаруу чараларынын системасын кабыл алуу; Кыргыз Республикасына кол салуу же түздөн-түз кол салуу коркунучу болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу, жалпы жана жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо, согуш абалын, өлкөнү жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо кызыкчылыгында аскердик абалды жарыялоо боюнча кароо жана тийиштүү сунуштоолорду Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бул маселени кароого киргизүү; аскердик-техникалык саясатты жана аскердик-өнөр жай комплексин өнүктүрүү багыттарын аныктоо; коргонууну пландаштыруу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу; мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуучу мурдагы органдарды реформалоо же жаңыларын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен коопсуздук жана жеткиликтүү коргонууну камсыз кылуу системасын өркүндөтүү; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлердин жана аскердик түзүлүштөрдүн ишин координациялоо жана контролдоо, алардын милдеттерин, курамын жана санын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аныктоо; экономиканы, аймактарды, калкты, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын коргонууга даярдоо; Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу; аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле аскердик кызматтан бошогон адамдарды социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо; коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү башка милдеттер.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-5)
