13-берене. Коопсуздук кеңешинин катчысынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 17.06.2017 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 17 июня 2017 года № 107.
Коопсуздук кеңешинин катчысы: Коопсуздук кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча Коопсуздук кеңешинин Катчылыгынын ишине жетекчилик кылат; Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын жетекчилиги астында Коопсуздук кеңешинин ишинин пландарын иштеп чыгууну уюштурат, анын жыйналыштарынын күн тартибин түзөт. Коопсуздук кеңешинин жыйналышына жумушчу материалдарды, ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлорун даярдоону камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин иши менен байланыштуу маселелер боюнча чет мамлекеттердин тийиштүү органдары, эл аралык уюмдар менен мамилелерде анын атынан өкүл болот; Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйналышын өткөрүү датасы жана орду, күн тартиби жөнүндө Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн, чакырылган адамдарды алдын-ала маалымдайт, аларды зарыл маалымдама-маалыматтык материалдар менен камсыз кылат; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарынын протоколдорун тариздейт жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын жүрүшү үчүн контролду жүзөгө ашырат; Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө Коопсуздук кеңешинин Төрагасына жана мүчөлөрүнө маалымдайт.
Берененин тексти 17.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203342/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>