# 11-берене. Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203342)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 15-июлундагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 107 "О Совете безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111608)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4381/edition/808103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203342/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө, 11-берене (17.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-11

---

Коопсуздук кеңешинин Төрагасы: Коопсуздук кеңешинин ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; Коопсуздук кеңешинин иш пландарын жана анын жыйналыштарынын күн тартибин бекитет; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарын өткөрүүнүн убактысын жана ордун аныктайт; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына төрагалык кылат; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын жана Аскердик доктринасын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу боюнча пландаштырылган жана директивалык документтерди бекитет; Коопсуздук кеңешинин кезектеги жана кезексиз жыйналыштарын өз демилгеси боюнча чакырат; Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруунун жүрүшү жөнүндө анын катчысынын учурдагы маалыматын угат; Коопсуздук кеңешинин кароосуна коюлган маселелер боюнча материалдарды даярдоо. ошондой эле анын чечимдеринин долбоорлору боюнча Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет; Коопсуздук кеңешинин жыйналыштарына катышуу үчүн каралуучу маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын жана коомдук уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрүн, ошондой эле эксперттерди жана адистерди чакырат; Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышына контролдукту уюштурат; жамааттык коопсуздук, аскердик кызматташтык, азыркы учурдагы талаптарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелери боюнча мамлекет башчыларынын кеңешмелерине катышат, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндө эл аралык келишимдерге кол коет; коргоо жана коопсуздук үчүн бюджетти карайт жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет; тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен сырткары пайдалануу жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет; коргоо жана коопсуздук жаатында мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203342/st-12)
