# 1-берене

- Документ: ["Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203339)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлу № 97 " "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203339/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4378/edition/454528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203339/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (14.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203339/st-1

---

"Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 648-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 10-берененин 1-бөлүгү "муниципалдык кызматка кирүүдө" деген сөздөрдөн кийин ", кызматтан көтөрүлүүдө" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 23-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 24-беренеде:

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:

- Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын) шайлайт;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;

- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;

- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт.";

3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;

- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;".

5. 32-берененин 1-бөлүгүндө "прокуратурасы жүзөгө ашырат" деген сөздөр "прокуратура органдары жүзөгө ашырат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203339/st-2)
