# 9-берене. Жарандардын ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 9-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-9

---

1. Шаар куруу иши жарандын өмүрү жана саламаттыгы үчүн ыңгайлуу жаратылыш чөйрөсүнө, жашаган жерин, эмгектенүүсүн жана эс алуусун тандап алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуучу зарыл болгон шарттарды түзүүгө багытталган.

2. Жашаган жери жашоо-турмуштун, жаратылыш чөйрөсүн коргоонун жана коопсуздугунун сапатына жана жашоо шарттарына карата талаптарды камтыган ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик кызыкчылыктар менен шартталган айрым учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө режимди белгилөө менен экологиялык жагымсыз аймактарда калктын убактылуу жашоосуна жана чарбалык ишти жүзөгө ашыруусуна жол берилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-10)
