# 2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2019 [Закон КР от 18 мая 2019 года № 66 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере строительства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111913); 24.05.2013 [Закон КР от 24 мая 2013 года № 77 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах градостроительного законодательства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203885)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338#diff=948638..948639>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 2-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-2

---

1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;

2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;

3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;

4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;

5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;

6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;

7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;

8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;

9) кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүү үчүн долбоордук-сметалык документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте экспертизаларды жасоо;

10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.

2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;

2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;

3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;

4) пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо.

(КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77, 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-1-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-3)
