# 14-берене. Шаар куруу документтеринин статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 14-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-14

---

1. Шаар куруу объекттеринин курулушу, реконструкцияланышы шаар куруу документтерисиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу программалары, схемалары, пландары жана долбоорлору ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курулушту, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жана жеке жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү. Бекитилген шаар куруу документтери шаар куруу ишинин объекттерин пландаштыруу жана каржылоо үчүн негиз болуп саналат.

2. Шаар куруу документтери бекитилгенге чейин жеке жана юридикалык жактар сунуштарды киргизүүгө, шаар куруу иши жаатында чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга, шаар куруу документтерин өз каражаттарынын эсебинен кесипкөй көз карандысыз экспертизаны өткөрүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-15)
