# 13-берене. Жаратылыштык жана техногендик, антропогендик таасир этүүдөн коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 13-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-13

---

1. Архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иштерин жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаратылыштык жана техногендик, антропогендик кубулуштардын жана процесстердин коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүсүнөн калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коопсуздугу боюнча талаптарды камсыз кылуу шарттарынан келип чыгууга тийиш.

Мындай талаптарды аткаруу боюнча чаралар мамлекеттик ченемдик документтер менен жол-жоболоштурулган долбоордук документтерде чагылдырылууга тийиш.

2. Мамлекеттик ченемдик документтер жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын натыйжасында калкты, калктуу конуштарды коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүдөн коргоо боюнча чаралар жөнүндө бөлүктү шаар куруу документацияларга милдеттүү түрдө киргизүүнү алдын ала кароосу зарыл.

3. Техногендик мүнөздөгү, өзгөчө кырдаалдын натыйжасында коркунучтуу (зыяндуу) таасирге тушуккан калктуу конуштар менен аймактар көрсөтүлгөн таасир этүүдөн калкты жана аймактарды коргоо боюнча комплекстүү долбоордук документтер менен камсыз кылуусу зарыл.

4. Жаратылыштык, техногендик, антропогендик мүнөздөгү таасирге тушуккан, калктуу конуштарда болуп жаткан коркунучтуу (зыяндуу) кубулуштардын жана процесстердин мониторингинин натыйжалары базалык деңгээлде мамлекеттик шаар куруу кадастрында чагылдырылат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-14)
