# 12-берене. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жашоо чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 12-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-12

---

1. Жашоо чөйрөсү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык адаптациялануусуна көмөктөнүүсү зарыл.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак үйлөрдү жана батирлерди кошкондо, тоскоолдуксуз кыймыл-аракет кылууга, имаратка кирүүгө жана ушул объекттердин ичинде иштерин жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлүп берилүүгө тийиш.

2. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, алардын жаш-курагын жана ооруу-сыркоолорун эске алуу менен жашоо чөйрөсүн түзүүдө шаар куруу документацияларда атайын объекттер тармагынын түзүүсү алдын ала каралышы керек.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кызыкчылыктарына тиешелүү шаар куруу документациясы жаатында чечимдерди даярдоого катышуу үчүн коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тартууга тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-13)
