# 11-берене. Жарандар менен юридикалык жактардын шаар куруу жаатындагы милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 11-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-11

---

1. Жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) бекитилген шаар куруу программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана катышууга;

2) жашоо-турмуш чөйрөсүн начарлатууга, тарыхый-маданий баалуулуктарды, архитектура эстеликтерин жана табигый ландшафттарды бузууга багытталган аракеттерге жол бербөөгө;

3) курчап турган чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзү билип жасалган аракеттерге жол бербөөгө;

4) алардын менчигинде турган (ээлик кылуусунда, пайдалануусунда турган пайдалануудагы объектилерди тийиштүү абалда, жарандар үчүн алардын коопсуздугун камсыз кылуу абалында кармоо;

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жарандардын жана юридикалык жактардын башка милдеттери белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-12)
