# 10-берене. Жарандар жана алардын бирикмелеринин шаар куруу чечимдерин кабыл алууга катышуу укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203338/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 10-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-10

---

1. Жарандар жана алардын бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аймактардын, калктуу конуштардын экологиялык, шаар куруу, социалдык-экономикалык абалы жөнүндө, аймактарды уюштурууда өзгөртүүлөргө байланышкан программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана алардын абалы жөнүндө так, толук жана өз убагында маалыматтарды алууга;

2) жарандардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон шаар куруу программаларын жана долбоорлорун кароого жана талкууга катышууга;

3) жашоо-турмуш чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;

4) шаар куруу долбоорлорунун көз карандысыз экспертизасына катышууга;

5) шаар куруу чөйрөсүндө мүлктүк жана башка укуктарды бузган адамдардын аракеттерин сот органдары аркылуу талашууга.

2. Шаар куруу жаатындагы укуктарды алардын багытына карама-каршы же башка жарандардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузуу менен жүзөгө ашырууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-11)
