# 1-1-берене. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203338)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-июлундагы № 95 "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-1-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4377/edition/948637/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө, 1-1-берене (18.05.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-1-1

---

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат. Архитектура-курулуш ишинин, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы. (КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203338/st-2)
