# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203335)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"](https://aqlex.ai/kg/doc/112464)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203335/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4374/edition/1212475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203335/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203335/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 8-берененин 4-бөлүгүндө "Конституциялык" деген сөз "Жогорку" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:

"8-1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мамлекеттик күзөткө алуу

Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203335/st-2)
