# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4374/edition/1212475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (23.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203335

---

КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 11-июлу № 92

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203335/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 8-берененин 4-бөлүгүндө "Конституциялык" деген сөз "Жогорку" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:

"8-1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мамлекеттик күзөткө алуу

Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203335/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө:

- ченемдик укуктук актыларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
