# КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 ""Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 ""Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 91
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4373/edition/384064/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91 ""Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203334

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 11-июлу № 91

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203334/st-1)

"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берененин экинчи абзацындагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 3-берене:

1-бөлүктөгү "мамлекеттик менчикте" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигинде гана" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "аткаруучу-тескөөчү" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин тиешелүү органынын" деген сөздөр "аткаруучу" жана "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 6-берененин 2-бөлүгүндөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 14-берененин 1-бөлүгүндөгү "мамлекеттик менчиктеги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын менчигиндеги гана" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 16-беренеде:

1-бөлүктөгү "кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүктөгү "жергиликтүү каттоо органдарында" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203334/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
