# Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 90 "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 90 "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 11.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4372/edition/383982/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 90 "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы (11.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203333

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 11-июлу № 90

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203333/st-1)

Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун терроризмге каршы Конвенциясы ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203333/st-2)

Конвенциянын 6-беренесинин 2-пунктун аткаруу үчүн аны ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203333/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Конвенциянын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жана аны ишке ашырууга жооптуу компетенттүү органдар жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203333/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
