# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203330)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлу № 87 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203330/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4369/edition/1119679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203330/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203330/st-2

---

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, ст.229) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:

"7-1-статья. Жогорку технологиялар паркынын резидентинин жеке жактары жана кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары

Жогорку технологиялар паркынын резидентинин кызматкерлери жана анын дирекциясы, Жогорку технологиялар паркынын резидентинин - жеке жактары (имараттарды, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) орточо айлык акыдан 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондуга - 10 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.".

2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденттери катары катталган жактар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу, келишим, контракт же макулдашуу менен кабыл алынган, ошондой эле бир гана жумушту кызмат көрсөтүүнү аткарууга келген өзүнүн кызматкерлеринин пайдасы үчүн төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнөн толук көлөмдө Жогорку технологиялар паркы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында бошотулат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203330/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203330/st-3)
