Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, ст.229) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-статья менен толукталсын:
"7-1-статья. Жогорку технологиялар паркынын резидентинин жеке жактары жана кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары
Жогорку технологиялар паркынын резидентинин кызматкерлери жана анын дирекциясы, Жогорку технологиялар паркынын резидентинин - жеке жактары (имараттарды, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) орточо айлык акыдан 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондуга - 10 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз.".
2. 11-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденттери катары катталган жактар Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу, келишим, контракт же макулдашуу менен кабыл алынган, ошондой эле бир гана жумушту кызмат көрсөтүүнү аткарууга келген өзүнүн кызматкерлеринин пайдасы үчүн төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүнөн толук көлөмдө Жогорку технологиялар паркы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап 15 жыл аралыгында бошотулат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203330/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>