# КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 86 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 86 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203329>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4368/edition/934647/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203329.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 86 ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203329

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 8-июлу № 86

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203329/st-1)

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 6-статьяда: 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Камсыздандыруу полиси жеке жак тарабынан белгилүү мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө документ болуп саналат."; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жеке ишкерлерди жана алардын жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:

а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;

б) кызматкерлер үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203329/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203329/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
