# 6-берене. ЖТПнын резиденти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203327)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4366/edition/383057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203327/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө, 6-берене (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-6

---

ЖТПнын резиденти катары ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн иштердин түрлөрүн жүзөгө ашыруунун жыйынтыгында кирешеден 90%дан кем эмес киреше алган юридикалык же жеке жак катталышы мүмкүн. ЖТПнын резиденти катары чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактар да катталышы мүмкүн. ЖТПнын резиденти катары катталгысы келген, ушундай каттоого талапкер юридикалык же жеке жак Байкоочу Кеңеш тарабынан белгиленген форма боюнча арыз берет. Өзүнүн уставына (ал бар болгон учурда) ылайык иштердин негизги түрү катары ушул Мыйзамдын 4-беренесинде көрсөтүлгөн иштердин бир же бир нече түрүнө ээ болгон, ЖТПнын дирекциясынын ыйгарым укуктуу башкаруу органынан тийиштүү келишимди алган юридикалык же жеке жак резидент катары алгачкы катталган күндөн тартып алты календардык ай мөөнөтүндө алгачкылардан болуп катталат. Алгачкы каттоо күбөлүк менен тастыкталат. Алгачкы катталган күндөн тартып алты календардык ай өткөндө ЖТПнын резиденти ЖТПнын Байкоочу Кеңеши тарабынан белгиленген форма боюнча отчет берет. 4-беренеде аныкталган, ошондой эле ушул берененин биринчи абзацында аныкталган резиденттин шарттарына ылайык келүүдө ЖТПнын резиденти алгачкы катталган мөөнөт ичинде иштердин түрлөрүн жүзөгө ашырып жаткандыгы ЖТПнын дирекциясынын ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан белгиленген учурда, ЖТПнын резиденти катары ЖТПнын резиденти акыркы жолу каттоодон өтөт жана ал жөнүндө маалыматтар ЖТПнын резиденттеринин бирдиктүү реестрине киргизилет. Акыркы каттоо мөөнөтсүз болуп саналат жана күбөлүк менен тастыкталат. ЖТПнын резиденттерине болгон мамиледе Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштерди жүзөгө ашыруу шарттарда, жайгашкан жерине жана/же юридикалык катталган дарегине карабастан колдонулат. ЖТПнын иштеринен айырмаланган иштердин түрлөрү менен ЖТПнын резиденти аракеттенип жаткандыгы билинген учурда, эгерде ал ушул берененин биринчи абзацында аныкталган шарттардын бузулушуна алып келген болсо, резиденттин алгачкы катталышы жокко чыгарылат жана юридикалык жак же жеке ишкер жалпы негизде, анын ичинен алгачкы катталган мезгилден тартып салык төлөөгө жатат. ЖТПнын резиденти тарабынан алар ЖТПнын иштеринин багытынан айырмаланган иштердин түрлөрүн жүзөгө ашыргандыгынын тикелей фактылары табылган учурда, эгерде ал ушул берененин биринчи абзацында аныкталган шарттардын бузулушуна алып келген болсо же ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык ар бир кварталдык чегерүүлөрдөн кайра-кайра баш тартса, ЖТПнын резидентинин статусунан ажырашы мүмкүн. ЖТПнын резидентин каттоо ушул Мыйзамдын 4-беренесине каршы келген иштердин түрлөрүн жүзөгө ашырган убактан тартып же аларды жүзөгө ашыра баштаган убактан тартып Байкоочу Кеңеш тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. ЖТПнын резидентинин статусунан ажырагандыгы жөнүндө, ошондой эле ЖТПнын резидентинин алгачкы катталышынын жокко чыгарылышы жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн. ЖТПнын резидентинин статусунан ажыратуу ЖТПнын резидентинин арызынын негизинде жүзөгө ашышы мүмкүн. ЖТПнын резиденттеринин кызматкерлеринин эмгектик мамилелерин укуктук жөнгө салуу эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген, Эл аралык эмгек уюмдарынын конвенциялары тарабынан аныкталат. ЖТПнын резиденти товарлар жана көрсөткөн кызматтар үчүн өз ара эсептешүүнү жүзөгө ашырууда жалаң накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонот. Акыркы каттоо учурунан өткөн бир жыл ичинде 80%дан кем эмес товарлар жана кызматтар экспортко жөнөтүлүшү жана/же товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорттолушунун жыйынтыгында ЖТПнын резидентинин 80%дан кем эмес кирешеси пайда болууга тийиш. ЖТПнын резидентинин жана ЖТПнын дирекциясынын укук мамилелеринин негиздери түзүлгөн келишим тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-7)
