# 5-берене. Түзүмү жана башкаруу органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203327)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 ноября 2024 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О Парке высоких технологий Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230017183)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327#diff=383057..21385>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4366/edition/383057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203327/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө, 5-берене (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-5

---

Байкоочу Кеңеш 9 мүчөдөн турат, 3 жылга шайланат жана төмөнкү тартипте түзүлөт:

- 3 мүчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалат;

- 3 мүчөсү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат;

- 3 мүчөсү программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси тарабынан дайындалат.

ЖТПнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынын ичинен шайланат. Добуштар тең болгондо ЖТПнын Байкоочу кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Байкоочу кеңеш өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекиткен жобонун негизинде жүргүзөт. Байкоочу Кеңеш ЖТПнын директорун кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, ЖТПнын дирекциясынын бюджетин бекитет, резиденттин толук түрдө катталгандыгы жана резиденттин статусунан ажыратылгандыгы жөнүндө чечим кабыл алат. ЖТПнын ишине тикелей жетекчиликти ЖТПнын аткаруу органы - директору башчылык кылган ЖТПнын дирекциясы жүзөгө ашырат. (КР 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-6)
