# 3-берене. Жогорку технологиялар паркынын негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203327)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4366/edition/383057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203327/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө, 3-берене (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-3

---

Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун ата мекендик индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле интерактивдик сервистик борборлор (саll-борборлор) кызматын көрсөтүү;

- ата мекендик илим сыйымдуу бизнести мамлекеттик колдоодо комплекстүү системаны түзүү;

- ата мекендик жана эл аралык рыноктордо компаниялардын илимий-техникалык иштеринин жыйынтыктарын илгерилетүү, маалыматтык технологиялар жагындагы программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууда экспортту көбөйтүү;

- маалыматтык технологияларды иштеп чыгаруу тармагынын эл аралык өкүлдөрү үчүн ылайыктуу салыктык жана ишкердик чөйрөнү түзүү жолу менен инвестицияларды тартуу;

- маалыматтык технологиялардын ата мекендик индустриясын легалдаштыруу үчүн ылайыктуу чөйрөнү жана инфраструктураны түзүү;

- маалыматтык технологиялар жагында адистердин санынын өсүшү үчүн илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө дем берүү;

- программалык камсыз кылууларды иштеп чыгууда сапаттын заманбап дүйнөлүк стандарттарын киргизүүгө түрткү берүү.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-4)
