3-берене. Жогорку технологиялар паркынын негизги милдеттери
Күчүндө · 11.11.2024 редакциясы
Жогорку технологиялар паркынын (мындан ары - ЖТП) негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- программалык камсыздоону, маалыматтык жаңы жана жогорку технологияларды иштеп чыгаруунун ата мекендик индустриясын өнүктүрүү, ошондой эле интерактивдик сервистик борборлор (саll-борборлор) кызматын көрсөтүү;
- ата мекендик илим сыйымдуу бизнести мамлекеттик колдоодо комплекстүү системаны түзүү;
- ата мекендик жана эл аралык рыноктордо компаниялардын илимий-техникалык иштеринин жыйынтыктарын илгерилетүү, маалыматтык технологиялар жагындагы программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууда экспортту көбөйтүү;
- маалыматтык технологияларды иштеп чыгаруу тармагынын эл аралык өкүлдөрү үчүн ылайыктуу салыктык жана ишкердик чөйрөнү түзүү жолу менен инвестицияларды тартуу;
- маалыматтык технологиялардын ата мекендик индустриясын легалдаштыруу үчүн ылайыктуу чөйрөнү жана инфраструктураны түзүү;
- маалыматтык технологиялар жагында адистердин санынын өсүшү үчүн илим жана билим берүүнү өнүктүрүүгө дем берүү;
- программалык камсыз кылууларды иштеп чыгууда сапаттын заманбап дүйнөлүк стандарттарын киргизүүгө түрткү берүү.
Берененин тексти 11.11.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203327/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>