# 2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203327)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 08.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.11.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 ноября 2024 года № 176 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О Парке высоких технологий Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230017183)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327#diff=383057..21385>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4366/edition/383057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203327/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө, 2-берене (11.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы - юридикалык жана жеке жактар үчүн Жогорку технологиялар паркынын режиминдеги зона, ал Жогорку технологиялар паркынын резиденти болуп саналат жана өзүнүн ишин ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жүзөгө ашырат. Жогорку технологиялар паркынын режими - Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, ушул Мыйзамдын 4-беренесинде саналып өткөн, Жогорку технологиялар паркынын ишинин түрлөрүн алар тарабынан жүзөгө ашыруу шартында Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктуу, салык режими. Жогорку технологиялар паркынын резиденти - ушул Мыйзам жана башка актылар тарабынан белгиленген, аларда каралган тартипте резидент катары катталган юридикалык же жеке жак. Интерактивдүү сервистик борбор (саll-борбор) - программалык-аппараттык комплексттерди колдонуу менен кирген жана чыккан чалууларды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле виртуалдык офистин, техникалык колдоонун жумуш орундарын ижарага алуу жана программалык камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү борбору. Программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмеси программалык продуктуларды иштеп чыгаруучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын көздөгөн коомдук бирикме.

(КР 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203327/st-3)
