# 9-берене. Соцфонддогу пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинин өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 9-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-9

---

1. Пенсиялык топтоолордун түзүлүшүнө байланышкан операциялар, ошондой эле пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө байланышкан операциялар Соцфонд тарабынан башка операциялардан өзүнчө эсепке алынат.

2. Пенсиялык топтоо каражаттарынын жекече эсеби Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган тартипте жекече эсепке алуу системасында камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө жүргүзүлөт.

3. Өсүүчү жыйынтыгы, пенсиялык топтоолордун жалпы көлөмү менен камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүндө эске алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды салыштыруу Соцфонд тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт.

4. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүн түзгөн акча каражаттары жыл сайын Соцфонддун бюджетинин киреше бөлүгүндө чагылдырылат. Мында Соцфонддун чыгаша бөлүгүндө ушул Мыйзамга ылайык кийинчерээк инвестициялоого акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын багыты каралышы керек.

5. Камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсептеринин топтоо бөлүгүн киргизүү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүнү жана пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөнү камсыз кылуу менен байланышкан Соцфонддун чыгымдары Соцфонддун бюджетинде башка чыгымдардан өзүнчө көрсөтүлөт жана тиешелүү финансылык жылга Соцфонддун бюджетинин курамында бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-10)
