# 8-берене. Башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызы боюнча чечимдерди Соцфонддун аткаруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 8-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-8

---

1. Пенсиялык топтоо каражаттарынын өткөрүлүп бериле турган суммалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилене турган мезгилде алынган инвестициялоодон түшкөн кирешенин көлөмүнө туураланган, камсыздандырылган адам арыз берген жылдан кийинки жылдын 1-январына карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоочу бөлүгүндөгү калдыкка жараша эсептелет.

2. Соцфонд менен кайсыл бир башкаруучу компаниянын ортосунда пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда, ал компания ага ишенимдүү башкарууга берилген каражаттарды ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык Соцфондго которууга милдеттүү.

3. Соцфонд каражаттар иш жүзүндө өткөрүлүп берилген күндөн тартып бир айдын ичинде аталган келишимдин токтотулганы жөнүндө пенсиялык топтоо каражаттары аталган башкаруучу компаниянын башкаруусунда турган камсыздандырылган адамдарды кабардар кылууга, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-9)
