# 7-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын Соцфонддон башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248475..1248476>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 7-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-7

---

1. Башкаруучу компанияларга өткөрүп берүү үчүн пенсиялык топтоо каражаттары Соцфондго келип түшкөн пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, инвестициялык кирешеден, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча башкаруучу компаниялардан Соцфондго түшкөн каражаттардан түзүлөт.

2. Пенсиянын топтоочу бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде ачылган Соцфонддун өзүнчө банк эсептерине кириштелет.

3. Топтоо бөлүгүн каржылоого камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишиминде белгиленген тартипте башкаруучу компанияларга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

4. Пенсиялык топтоолорду өткөрүп берүү башкаруучу компанияны тандоо жөнүндө камсыздандырылган адамдын арызын канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин банктык 10 күндүн аралыгында башкаруучу компаниялардын өзүнчө ачылган эсептерине аларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

5. Башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттары башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө жатпайт.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-8)
