# 4-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестировании средств для финансирования накопительной части пенсии по государственному социальному страхованию в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001214)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 7 февраля 2024 года № 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об инвестировании средств для финансирования накопительной части пенсии по государственному социальному страхованию в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001214); 26.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248479..2509>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 4-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-4

---

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоого багышталган пенсиялык топтоо каражаттарын түзүүдө жана инвестициялоодо камсыздандырылган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жылына бир жолудан көп эмес жана өтүп жаткан жылдын 31-декабрынан кеч эмес бир гана пенсиялык топтоо фондун, пенсиялык топтоо фондунун башкаруучу компаниясын тандоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн пенсиялык топтоолорун бир пенсиялык топтоо фондунан башкасына которууга;

2) жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн абалы жөнүндө жана өтүп кеткен жылдагы пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды алууга;

3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу негизде чегерүүгө;

4) төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү алууга;

5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык өзүнүн пенсиялык топтоолорун мурастоого;

6) республиканын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен учурда пенсиялык топтоолорду алууга;

7) пенсиялык топтоо фондунун иш-аракеттерин соттук тартипте даттанууга;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга.

2. Камсыздандырылган адам төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө;

2) милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн бир гана пенсиялык фондго төлөөнү жүзөгө ашырууга;

3) Соцфонд тарабынан милдеттенмелерди аткарууга таасир эткен бардык өзгөртүүлөр тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде билдирүүгө.

(КР 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 7-февралында № 34, 2025-жылдын 18-июнундагы № 120 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-5)
