# 23-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 23-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-23

---

1. Соцфонд тарабынан бухгалтердик эсеп, камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолордун эсебин жүргүзүү, ошондой эле Соцфонддун бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан текшерилет.

2. Депозитарий жана башкаруучу компаниялардын бухгалтердик эсеп жүргүзүүсү, пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча алардын бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жыл сайын аудиттик текшерүүгө жатат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык ишти жүзөгө ашырган аудитор ушул Мыйзамдын 12-беренесине ылайык Соцфонд менен келишим түзгөн депозитарийдин же башкаруучу компаниянын мамилелеш жагы же болбосо көрсөтүлгөн депозитарийдин же башкаруучу компаниянын биригишкен жактарынын биригишкен жагы болуп саналбашы керек.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-24)
