# 22-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 22-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-22

---

1. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салууну, контролдоону жана көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган өз компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй иш-милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) мамилелердин субъекттери пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташын контролдойт;

2) өз компетенциясынын чектеринде пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;

3) өз компетенциясынын чектеринде мамилелердин субъектине алардын пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруусуна байланышкан маалыматтарды, ошондой эле башка маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет;

4) башкаруучу компаниялардын, депозитарийдин финансылык абалынын туруктуулугуна жана төлөм кудуретине баа берет жана зарыл болгондо абалды жакшыртуу жана табылган ушул Мыйзамды бузууларды жоюуга көрсөтмө берет;

5) мамилелердин субъекттеринин отчетторуна аудитордук корутундуларды карайт;

6) өз компетенциясынын алкагында мамилелердин тиешелүү субъекттеринин ишине көзөмөл менен контролду белгилейт;

7) ушул Мыйзамга ылайык башкаруучу компаниянын башкаруусунда турган активдердин өз наркынын аныкталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;

8) ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жободо каралган башка иш-аракеттерди жасайт;

9) пенсиялык топтоо каражаттарынын ээсинин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулардын кесепеттерин жоюу тууралуу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын бузулушунун натыйжасында мамилелердин субъекттери тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-23)
