# 20-берене. Инвестициялык декларация

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 20-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-20

---

1. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаттарына, инвестициялык портфелдин курамына жана түзүмүнө болгон талаптар башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясында аныкталат.

2. Башкаруучу компаниянын инвестициялык декларациясы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун максаты жана башкаруучу компаниянын инвестициялык саясатынын баяндалышын. Соцфонд тарабынан башкаруучу компанияга башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо максаты анын өсүүсү болуп саналат;

2) башкаруучу компаниялар Соцфонд тарабынан башкарууга берилген пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен алууга укуктуу инвестициялоо объекттеринин тизмегин;

3) инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптарды.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-21)
