# 18-берене. Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 18-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-18

---

1. Депозитарий өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер (аракетсиздик) менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдер бузулгандыгы үчүн Соцфонддун жана башкаруучу компаниялардын алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.

2. Башкаруучу компаниялар өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыккан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери бузулгандыгы үчүн Соцфонддун алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерге (аракетсиздикке) компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдардын кызыкчылыктарына каршы багытталган кылмыштар, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар жана башка мыйзам бузуулар кирет.

4. Депозитарий жана башкаруучу компаниялар камсыздандыруучулар менен тиешелүү милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүү жолу аркылуу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууну жүзөгө ашырат, анын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Өз жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзбөгөн депозитарий жана башкаруучу компаниялар пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.

6. Камсыздандыруучулар көрсөтүлгөн орган тарабынан белгилеген тартипте тиешелүү кайра камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн конкреттүү камсыздандыруу уюмдары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдиришет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-19)
