Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
1. Депозитарий өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер (аракетсиздик) менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдер бузулгандыгы үчүн Соцфонддун жана башкаруучу компаниялардын алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.
2. Башкаруучу компаниялар өзүнүн кызматкерлери тарабынан кетирилген каталардан, этиятсыздыктан же атайын мыйзамга каршы аракеттер менен же болбосо башка адамдардын атайлап жасалган мыйзамга каршы аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыккан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери бузулгандыгы үчүн Соцфонддун алдында өзүнүн жоопкерчилик тобокелдигин камсыздандырууга милдеттүү.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзамга каршы аракеттерге (аракетсиздикке) компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдардын кызыкчылыктарына каршы багытталган кылмыштар, экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар жана башка мыйзам бузуулар кирет.
4. Депозитарий жана башкаруучу компаниялар камсыздандыруучулар менен тиешелүү милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзүү жолу аркылуу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырууну жүзөгө ашырат, анын тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Өз жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимдерин түзбөгөн депозитарий жана башкаруучу компаниялар пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоого байланышкан операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.
6. Камсыздандыруучулар көрсөтүлгөн орган тарабынан белгилеген тартипте тиешелүү кайра камсыздандыруу келишимдери түзүлгөн конкреттүү камсыздандыруу уюмдары жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдиришет.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273 "Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 24.05.2016 · № 273
- Депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-майындагы № 273…Порядок · 24.05.2016 · № 273
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 24-майындагы № 273 токтомуПостановление · 24.05.2016 · № 273
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-18" title="18-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>