# 17-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдерин жана депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө сынактар

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 17-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-17

---

1. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимдери жана депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим, сынактардын натыйжалары боюнча Соцфонд тарабынан ишенимдүү башкаруучулар жана депозитарийлер менен түзүлөт.

2. Сынактарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүү үчүн сынактын жыйынтыктары боюнча бир депозитарий тандалат.

4. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө сынактын катышуучуларына жана анын кызмат адамдарына коюлган талаптарга жооп берет деп табылган бардык башкаруучу компанияларга уруксат берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-18)
