# 15-берене. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 15-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-15

---

1. Кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча депозитарий көрсөтүлгөн келишимде белгиленген акыга Соцфондго депозитарийдин кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд мындай кызматтарды кабыл алууга жана төлөп берүүгө милдеттенет.

2. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим ушул Мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Депозитарийдин өз милдеттерине жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги көрсөтүлгөн келишимди бузуу үчүн негиз болот.

3. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин жарактуулук мөөнөтү 5 жылдан ашпаган мөөнөттү түзөт.

4. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.

5. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү белгилеген жоболорду карашы керек:

1) ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген милдеттердин депозитарий тарабынан аткаруу тартибин жана бул милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн депозитарийдин жоопкерчилигин;

2) башкаруучу компаниялардын Соцфонд үчүн депозитарийдин кызматтарын төлөөсүнүн өлчөмүн жана тартибин;

3) келишимди өзгөртүүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бузуунун негизин жана тартибин;

4) келишимдин колдонуу мөөнөтүн.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-16)
