Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим
Күчүндө · 18.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишим боюнча депозитарий көрсөтүлгөн келишимде белгиленген акыга Соцфондго депозитарийдин кызматтарын көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд мындай кызматтарды кабыл алууга жана төлөп берүүгө милдеттенет.
2. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим ушул Мыйзамда каралган тартипте жана негиздер боюнча өзгөртүлүшү же бузулушу мүмкүн. Депозитарийдин өз милдеттерине жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбегендиги көрсөтүлгөн келишимди бузуу үчүн негиз болот.
3. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин жарактуулук мөөнөтү 5 жылдан ашпаган мөөнөттү түзөт.
4. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
5. Депозитарийдин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү белгилеген жоболорду карашы керек:
1) ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген милдеттердин депозитарий тарабынан аткаруу тартибин жана бул милдеттердин аткарылбагандыгы үчүн депозитарийдин жоопкерчилигин;
2) башкаруучу компаниялардын Соцфонд үчүн депозитарийдин кызматтарын төлөөсүнүн өлчөмүн жана тартибин;
3) келишимди өзгөртүүнүн жана мөөнөтүнөн мурда бузуунун негизин жана тартибин;
4) келишимдин колдонуу мөөнөтүн.
Берененин тексти 18.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203321/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>