# 11-берене. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203321)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 4-июлундагы № 78 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.06.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственного социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/112574)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321#diff=1248478..1248479>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4360/edition/1248475/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203321/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө, 11-берене (18.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-11

---

1. Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу, Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишимине ылайык Соцфонд менен жазуу жүзүндө түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу жөнүндө келишимдин негизинде башкаруучу компания тарабынан жүзөгө ашырылат. Пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруунун Типтүү келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Башкаруучу компания пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинде (эсептеринде) пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана Соцфондго отчет берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн эсепте (эсептерде) болгон акча каражаттарына Соцфонддун, пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо менен байланышпаган депозитарийдин же башкаруучу компаниялардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алууга жиберилиши мүмкүн эмес.

3. Пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъектилери, пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо процессине тартылган башка жактар пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн пенсиялык топтоо болуп саналбаган акча каражаттарды өзүнчө банк эсебине (эсептерине) чегерүүгө укугу жок.

4. Башкаруучу компания ушул Мыйзамда белгиленгенден башка максаттарда пенсиялык топтоо каражаттары менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө банк эсебинен (эсептеринен) акча каражаттарын эсептен чыгарууну (берүүнү) жүзөгө ашырууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203321/st-12)
