# КРнын 2011-жылдын 30-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 30-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4350/edition/454516/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 30-июнундагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203310

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 30-июну № 67

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203310/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1095-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203310/st-39)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "39-берене. Жогорку Кеңештин депутаттарын коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу жана мамлекеттик кайтарууга алуу

1. Жогорку Кеңештин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу мезгилине кызматтык курал берилет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берет.

2. Куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Жогорку Кеңештин депутаты мамлекеттик кайтарууга алынышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203310/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
