# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203307)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 30-июну № 64 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203307/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4347/edition/1119675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203307/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203307/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.

1. 256-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"256-берене. Алтындын жана күмүштүн берими жана экспорту Алтындын жана күмүштүн куймасынын, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоосу КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет.".

2. 261-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"261-берене. Товарларды экспорттоо Алтындын жана күмүштүн куймасын, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкадагы берим болуп эсептелет.".

3. 283-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

4. 284-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

5. 285-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

6. 287-берененин 1-бөлүгүндө төмөнкү позиция күчүн жоготту деп табылсын:

"

| Алтындан, платинадан же күмүштөн жасалган зергер буюмдар | 7113, 7114, 7115, 7118, 9111100000, 9113101000 | Рыноктук сатык баасы | 5% |
| --- | --- | --- | --- |

".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203307/st-2)
